Балбан Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, турнир Эстониянын Таллин шаарында өтүп жатат. Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде 3 атаандашын жеңген.
Жарым финалда ал америкалык спортчу Жейден Лэйт Лаурент менен кез келип аны жеңип алды.