Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 14-августта Курсан Асанов Аскер прокуратурасына сурак берип, андан соң анын үйү тинтүүгө алынды.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.
Асановдун иши боюнча КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаеванын үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн.