Караколдогу Пристань-Пржевальск шаарчасындагы көлгө чөгүп каза болгон жарандын денеси табылды

6-августта саат 07:30 чамасында ӨКМнын Каракол шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Пристань-Пржевальск шаарчасындагы көлгө чөгүп каза болгон 1 жарандын денесин табышты. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, 1971-жылы туулган Курмангалиев аттуу жаран 3-августта саат 18:30 чамасында аталган көлгө чөгүп кеткен. 4-5-август күндөрү куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүрүп, бирок натыйжа болгон эмес. Табылган жарандын сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан