ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов 45 жашка чыкты

Бүгүн, 15-августта Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов 45 жашка жашка чыкты.

Канатбек Маматов өз убагында өлкөбүздүн футбол боюнча Жогорку Лигасында "Алай" футболдук клубунда ойноп, чет элдик футболдук клубдарда дагы ойноп келген. Ал Индия чемпиондугунда "HAL Бангалор" жана "ITI Бангалор" клубдарында күч сынашкан. Профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган соң ардагерлер арасындагы чемпиондуктарда күч сынашып, "Топ Юнайтед" жана "Абдыш-Ата" командаларында ойногон.

Өмүр баяны:

1974-жылы Ош облусунда төрөлгөн;

1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин табият таануу факультетин аяктаган;

1999-жылы Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия боюнча кафедранын башчысы;

2003-жылы ACDI/VOCA, ЮСАИД уюмдарында мобилизациялоо боюнча адис;

2005-жылы “S2 Research and Engineering” казак-британ компаниясынын директору;

2006-жылы Азия өнүктүрүү банкынын регионалдык координатору;

2007-жылы Евросоюздун Тасис программасынын алкагындагы "Жумуштуулук саясатын иштеп чыгуу" долбоорунун жетекчисинин орун басары;

2007-2009-жылдары Жогорку Кеңеште фракция жетекчисинин жардамчысы;

2009-жылдан азыркы тапка чейин Кыргыз жана Казак мамлекеттеринде чекене соода бизнестин негиздөөчүсү жана башчысы;

2014-жылдан азыркы тапка чейин Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын президенти;

2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын футбол федарациясынын вице-президенти;

2019-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кезексиз жыйынында федерациянын президенттик кызматына Семетей Султановдун ордуна Канатбек Маматов дайындалган. Маматов футбол федерациясынын башына 4 жылдык мөөнөткө шайланган.

Канатбек Маматовдун бейнеси тууралуу "Супер-Инфо" гезитине берген маегин ушул шилтемени басып окуй аласыз.

15-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан