Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Милиция кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт.
Ушул жылдын 7-августунда саат 18:00 чамасында Чоң Чүй каналы менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде кебетеси азиялык болгон, болжол менен 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денеси табылган.
Маркумдун бою 155-160 сантиметр, арык, чачы сары. Үстүндө боз түстөгү футболка, кара түстөгү жынсы шым жана түсү ак болгон спорттук бут кийим болгон.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныса же окуянын күбөсү болсо Бишкек ШИИББинин 102 кызматына же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(552) 102-743 , 0(553) 102-387, 0(703) 222-622, 0(702) 498 888, 0(772) 847-336.