Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалын тагынды

Балбан Мээрим Жуманазарова жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнир Эстониянын Таллин шаарында өтүп жатат. Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде 4 атаандашын жеңип, финалга чыккан.

Айта кетсек, Мээрим Жуманазарова Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыккан 2-спортчу. Буга чейин 2017-жылы балбан Айпери Медет кызы финалга чейин жетип чемпион аталган.

Ал эми Мээрим Жуманазарованын спорттук карьерасында аталган финал 5-болуп эсептелет. Ал бешөөндө тең жеңишке жетип, 3 жолу жаштар арасындагы Азия чемпиону аталган.

Спортчунун атаандаштары:

1/16 финал

Кристина Малявка (Украина) - Мээрим Жуманазарова - 0:11

1/8 финал

Мээрим Жуманазарова - Ханум Велиева (Орусия) - 1:1 жеңиш Жуманазаровада

1/4 финала

Мээрим Жуманазарова - Берит Жонсон (Канада) - 10:0

Жарым финал

Мээрим Жуманазарова - Жейден Лэйт Лаурент (АКШ) -11:1

Финал

Наруха Мацуюки (Япония) - Мээрим Жуманазарова. 4:2

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
JENTLEMAN
2019-08-15 22:38:59
Финалды уруш кыйын, биздин кыздар Айсулуу баш болуп бүт эле финалдан өтө алышпай жатышат.

Суперинфо, кайдагы саясатчы, өлүмүш, оорукчан, коркок пок курсактарды эле аңдый бербей, тиги Акжол Махмудов деген балбан баладанда кабар алып, ал-абалын сурап, жарыялагылачы, ал азыр кайда эмне кылып жатты болду экен. Олимпиадага катышат бекен?.
0
Kyrgyz_bloger
2019-08-15 22:45:43
Баракелди баатыр кыздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан