5-август күнү Баткендин Лейлек районундагы Өзгөрүш айылындагы тоодо швейцариялык 3 чет элдик альпинист (Chevallier Mazal, Singele Cedric жана Klein Mona) жабыр тарткан. 6-август күнү атайын даярдалган альпинист адистер жана ӨКМнын куткаруучулары окуя болгон жерге тик учак менен барышты. Издөө иштери жүргүзүлүп, 2 турист табылды, учурда алардын абалы жакшы. Ал эми 1 туристти издөө иштери бүгүн, 7-июлда улантылууда. Ал Klein Mon, кокустук болуп аскада калып калган.