6-августта Кыргызстанда 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүү боюнча 26 бөлүм иштеди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 7-августта билдирди. Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 9, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3 жана Талас облусунда 1 өрт кырсыгы орун алган. Чүйдүн Панфилов районундагы Кум-Арык айылында 20 гектар жайыт күйүп кетти.