"Реал Мадрид" Неймарды сатып алуу үчүн насыя алды

"Реал Мадрид" футболдук клубунун президенти Флорентино Перес чоң суммадагы насыя алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, клубдун президенти аталган насыяны ПСЖ футболдук клубунун оюнчусу Неймарды сатып алуу үчүн алган. Ал акчаны кайсы каржы структурасынан алганы азырынча так айтыла элек. Бирок аталган акча жакынкы арада клубдун эсебине түшөрү белгилүү болгон.

Ошондой эле Неймардын өкүлү ал "Реал Мадридге" өтүүгө даяр экенин тастыктаган. Аталган келишимдин суммасы 100-120 миллион евро болору да жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JENTLEMAN
2019-08-16 14:01:29
Тимеле Неймарды "Актер" дешип шылдыңдашат эле, эми актерго насыя алып болсода алып келиш жолунда экенго булар))).
-5
Syimyk.isaev
2019-08-16 14:39:21
JENTLEMAN,Неймар барсадан кеткенде саткын, тияк-бияк деп жамандаган эле барса фанаткалары. Анан кайра барсага кайтып келет дегенде Неймарды мактап эле жатып калган элеңер...
+6
JENTLEMAN
2019-08-16 17:44:07
Syimyk.isaev, Адашканын билип, күнөөсүн жана катасын мойнуна алган адамды Кудайда кечирет, анан биз адамбызго кантип кечире албайбыз?))) Неймар неси болсода Барсага эмгеги өтө көп сиңген, ошого анын катасын кечирип мактаганга можно уже)). А силер прям каалап болбой калдыңар атаңар баш болуп насыяга чейин алып))).
-1
Bale1111
2019-08-17 16:05:59
Негизи барсанын фанаттары адам болбойт ар нерсени айтып кече эле Неймарды мактап атышат эле
0
xakerkg02
2019-08-18 14:57:17
Келбей калдыгооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан