Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - Кыргыз Премьер-Лигасынын 17-турдук оюндары 17-18-август күндөрү болуп өттү. Анда Ош шаарында "Алай" бишкектик "Алгага" 0:1 эсебинде жеңилсе, "Дордой" конокто "Илбирске" 2:5 эсебинде жеңилип калды.
Ошондой эле "Абдыш-Ата" өз үйүндө "Академия-Лидерди" 2:1 эсебинде утса, "Нефтчи" Кочкор-Атада "Кара-Балтаны" жеңип алды.
17-тур
"Алай" - "Алга" - 0:1
Гол: Шерметов (1-мүнөттө).
"Абдыш-Ата" - "Академия-Лидер" - 2:1
Голдор: Алиев (31-мүнөт), Алыгулов (57-мүнөт); - Рашидов (71-мүнөт).
"Илбирс" - "Дордой" - 5:2
Голдор: Боколеев (3, 46, 57-мүнөттөр), Шаарбеков (63-мүнөт), Данияров (82-мүнөт) - Батырканов (25-мүнөт), Ахмедов (78-мүнөт).
"Нефтчи" - "Кара-Балта" - 2:1
Голдор: Жуматаев (4-мүнөт), Кыдыралиев (20-мүнөт) - Геращенко (83-мүнөт)