18-августта Монголиянын Улан-Батор шаарында казак күрөшү боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Аталган мелдеште 66 килограмм салмакта Нуржигит Жаанбаев коло медаль тагынды.
Кыргыз балбаны чейрек финалда Монголиянын спортчусуна жеңилген. Коло байге үчүн күрөштө Жаанбаев Кытайдан келген балбанды жеңип алган.
Ошондой эле 100 килограмм салмактан жогорку категорияда Чоро Турганбек уулу коло байге үчүн күрөштө жеңилүү ызасын тартып калды.