18-августта Эстониянын борбору Таллин шаарында жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул мелдеште кыргыз балбандары 2 медаль жеңишти.
Эки медалды кыз-келиндер арасындагы курама командасы жеңди. Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта күмүш медаль жана Нураида Анаркулова 57 килограмм салмакта коло медалга ээ болушту. Бул көрсөткүч менен кыздар арасындагы кыргыз курама командасы жалпы командалык эсепте 7-орунду ээледи.
Эркин күрөш боюнча мелдеште 7 кыргыз балбаны катышкан. 70 килограммга чейинки салмакта Алинур Такыров 7-орунду ээлесе, калганы алгачкы беттештеринде жеңилип калышты.
Грек-рим күрөшү боюнча 6 балбан катышып, тилекке каршы, байгеге илинишкен жок. 55 килограмм салмакта Нурмухаммед Абдуллаев жана 60 килограмм салмакта Таластан Канжарбек уулу 5-орунду ээлеп калышты.