Гонконгдо ушул жылдын июнь айынан тарта митингдер токтобой келет. Буга Гонконгдун бийлиги мыйзам бузууга шек саналган адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу жобону киргизүүсү себеп болууда. 18-августта өткөн каршылык акциясына 1 миллион 700 миңдей адам чыккандыгын жазышат чет элдик маалымат каражаттары.
"Чогулгандар Гонконгдун Виктория паркында, шаардын көчөлөрүнө чыгышкан. Ошол аймактагы бийликтин имаратын курчап, нааразычылыктарын билдиришкен. Бирок одоно мыйзам бузуулар катталган эмес", - деп жазылат маалыматта.
Тынчтык митинги күндөн-күнгө ызы-чуулар менен коштолууда. Буга чейин митингдин катышуучуларынын айынан Гонконг аэропорту эки күнгө ишин токтоткон.