Германиянын канцлери Ангела Меркель коомчулукка мындан 23 жыл мурда сатып алган кийими менен чыгып, көпчүлүктү таң калтырды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Саясатчынын бул кийими япон кимоносунун стилин эске салат.
Биринчи жолу Меркель кимоно стилиндеги кийимин 2002-жылы музыка фестивалына кийип келген. Коомчулук канцлер айымдын аталган кийим менен жүргөнүн 2008-жылы жана 2017-жылы дагы иш-чаралардан көрүшкөн.
Журналисттер канцлер айымды кийим тандоого көңүл бурбайт деп сындап келишкен. Бирок учурда анын кийинүү стилин баалап, суктангандардын саны көбөйдү. Бул сүрөт коомчулукка чыккандан кийин дагы канцлер айымга элдин калың катмары мактоо сөздөрүн жаадырышкан.