Бир жылдык ижара 8 миллион 500 миң евро. Филиппе Коутиньо "Барселонадан" "Баварияга" сапар алды

"Барселонанын" жарым коргоочусу Филиппе Коутиньо "Баварияга" ижара иретинде өттү. Мюнхендик клубдун расмий сайты кабарлагандай, ижара мөөнөтү бир жылды түзөт.

"Бавария" бир жылдык ижара үчүн 8 миллион 500 миң евро төлөйт. Германиянын чемпиону ижара бүткөндө Коутиньону 120 миллион еврого сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

27 жаштагы футболчу "Барселонага" 2017-жылы кошулуп, 71 оюнда 21 гол жараткан. Буга чейин "Бавария" ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин Хамес Родригести "Реал Мадридге" узаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Altyn.bala
2019-08-19 16:38:02
Бавариянын эмблемасынын эскилиги кантет?Сырдап коюшса болмок экен.А так Филиппе крсавчик ордун тааптыр да.
-3
Eka.kg
2019-08-19 17:02:06
Altyn.bala,Аны атайын ошондой кылышкан.
+11
Jeenbek.
2019-08-19 17:00:55
Ушуларга тушунбодум кантип толойт ушунча акчаны,кунуно 23,000 мин евродон туура келет экен,актайбы
+6
Eka.kg
2019-08-19 17:08:53
Jeenbek.,Булардын демөрчүлөрү байда.
1.Стадионго келген күйормандардан түшөт 75,000 адам ар бир билетти орточо эсеп менен 80 евро. 75,000х80 =6 000 000 х 18 (үйүндө ойногон 18 оюн)= 108 мил
2.Титулдук демөрчүлөр
3.Адидас компаниясы жылына 90 млн
4.Ауди жылына 45 млн
5.Мелдештик байге (Бундеслига, КГ, ЧЛ)
6.Футболкадан түшкөн акча

Бавария 2017/18 сезонунда 657.4 мил евро табыптыр
+12
Sicilya
2019-08-19 17:44:30
Молодец чётко кылып тушундуруп бердин
+5
uranis
2019-08-20 09:06:37
Eka.kg молодец
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан