7 жыл мурда Орусияда дайынсыз жоголгон Кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Ал жол кырсыгынан каза болуп, аты-жөнү аныкталбаган адам катары көмүлүп калган

Екатеринбург шаарында 2012-жылы жоголуп кеткен Кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын август айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 32 жаштагы А.А. аттуу жарандын дайынсыз жоголгону боюнча маалымат түшкөн. Маалыматта аталган жаран 2012-жылы иш издеп Екатеринбургга барганы, акыркы жолу ал ошол жылдын 2-июлунда байланышка чыкканы айтылган.

"Туугандары өз алдынча издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтык чыккан эмес. Мындан улам алар Екатеринбург шаарынын полиция кызматына арыз менен кайрылышкан. Тийиштүү иш-аракеттердин негизинде изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылган. Ал 2012-жылдын 18-июлунда жол кырсыгынан каза болуп, кийин аты-жөнү аныкталбаган адам катары көмүлүп калганы аныкталган. Учурда каза болгон жарандын туугандарына тийиштүү документтер берилип, эксгумация кылуу жана сөөктү мекенге жеткирүү маселеси каралып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sagyn.91
2019-08-19 21:02:15
Өкүнүчтүү.
Кудай сактасын бөтөн жерде кырсыктан.
+5
talant87
2019-08-19 21:10:15
Аты жону жасанар же кайсыл жерден экенин
+4
nurbek56
2019-08-20 01:09:15
Алабука рай Актам айылынан болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан