Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Түркиянын клубу менен келишим түздү

Кыргыз улуттук курама командасынын футболчусу Алимардон Шукуров Түркиянын "Болуспор" командасы менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.

Шукуров түркиялык клуб менен 3 жылга (2 жылдан кийин 1 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен) келишим түздү.

"Клубдун жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Мен аталган клубга өз салымымды кошконго болгон күчүмдү жумшайм", - деп айтты оюнчу.

"Болуспор" Түркиянын 1-дивизионунда ойнойт. 19 жаштагы Шукуров Канттын "Абдыш-Ата" клубунун тарбиялануучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nukura_jigit
2019-08-20 08:43:54
Ийгилик!
+1
Omush94
2019-08-20 12:55:22
Кыргыз үчүн күйбөсө керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан