"Фуджин" дүкөндөр тармагынын жетекчисин өлтүргөн" деп шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын ага тергөөчүсү Олжобай Казыбаев бүгүн, 7-августта бизге билдирди. Айтымында, шектүүлөрдүн бирөө мурунку милиция кызматкери. “Ал 2011-жылы укук коргоо органдарындагы ээлеген кызматынан бошотулган экен. Учурда бул кылмышка дагы кимдин катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар такталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат”,- деди ал. Эске сала кетсек, 25-июлда темир жол вокзалына жакын аймактагы эстеликтин жанындагы арыктан катуу сабалган Гуан Жу Чан табылып, оор жаракаттан улам, ошол эле түнү эсине келбей, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.