Фархад Баабиевдин сүйлөшүүлөрүндө аймактар аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
"15-августта YouTube`да "Фархад Баабиев менен Амандын ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүсү", "Атамбаевдин тарапкерлери эмнени эңсеген?" деген темада улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видео-жарыя таратылган. Анда Фархад Баабиев менен Аман аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облусундагы Ош облусунун ишкерлеринин бизнестерин талап-тоноп, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган чакырык байкалган.
Ошондой эле Фархад Баабиевдин видеосу республиканын жашоочуларынын жана социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында нараазычылык жараткан. Буга байланыштуу 15-августта УКМКнын тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган факты боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында, Баабиевдин сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутууга, мамлекетте башаламандыкты уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алуу чакырыктары бар экендиги аныкталган. Азыркы убакта тийиштүү соттук-фоноскопиялык экспертиза жүргүзүү үчүн иш-чаралар белгиленди. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Кой-Ташта болгон массалык баш аламандык боюнча Фархад Баабиев кармалган. Ошондой эле Фархад Баабиев чагымчыл сөздөрдү айтканы үчүн элден кечирим сураган.