Байге фонду 2 миллион сомду түзгөн айтышта казак акындары менен күч сынаша турган төкмөлөр аныкталды

Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган XIII эл аралык "Айтыш-2019" сынагынын тандоо туру болду. Анда казак акындары менен күч сынаша турган төкмөлөр тандалды.

"Айтыш" коомдук фондунун маалыматына ылайык, тандоо туруна 46 төкмө акын катышты. Алардын ичинен Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Амантай Кутманалиев , Жылдызбек Төрөканов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков, Шайлообек Отунчиев 70тен жогору упай топтоп, жарым финалга жолдомо алышты. Айтыштын жарым финал жана финалдык бөлүгү 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда орун алат.

XIII эл аралык “Айтыш-2019” сынагынын байге фонду 2 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jalguzum
2019-08-20 23:32:58
Аалы туткучев кандай эле отпой калды же тааныш билиш болуп кеттиппи бул жагы
+11
KG-zigit
2019-08-21 00:14:35
Идирис акын келбедиби бул сапар.
+8
Sicilya
2019-08-21 00:23:36
Идирис менен Аалыны кошбойт алар кучтуу акындар алар кошулса бироосу биринчини екинчиси екинчи местаны алышмак. Жаш акын Эламан Келдибековту колдош керек
+8
Aimani
2019-08-21 01:02:01
Амантай Кутманалиев качан пенсияга кетет.
+5
akmanai
2019-08-21 01:25:06
Аалы Туткучев менен Идирис акын оздору катышпагандыр да.
+1
kriss120
2019-08-21 06:12:42
Эламан акын сен кучтуусун
+1
tachkomur
2019-08-21 07:26:27
Акмат мундуз изат болгондо бармакмын
+2
Maks_shop
2019-08-21 17:26:08
Элмирбек Иманалиевчи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан