Чолпон-Ата шаарындагы 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча каза болгон балдардын биринин ата-энеси тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.
Окуянын чоо-жайы:
7-июлда Lexus ES 300 менен BMW Х7 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, Lexus ES 300 унаасында бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон. Экөө окуя болгон жерден жан берсе, экөө ооруканада көз жумган. Ал эми BMW Х7 унаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана анын айдоочусу болгон. Алар кырсыктан кийин Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилген.