Бүгүн, 21-августта Кытайдын Вэйфан шаарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча Дүйнө биринчилиги старт алат. Маалым болгондой, мелдешке 8, 10 жана 12 жаш категориясындагы спортчулар катышат.
Оюндар швейцариялык системде 11 тур менен өткөрүлөт.
Кыргыз өлкөсүнөн 6 спортчу күч сынашат:
8 жашка чейин:
Бермет Макеева,
Элим Кенешбеков
10 жашка чейин:
Нуржамал Пазылбекова
Залкар Курбанбаев
12 жашка чейин:
Иманнур Момункулова
Эржан Жакшылыков