КҮНСОБОЛ: Текебаевдин иши боюнча Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Эки жыл ичинде сот системинде эмне өзгөрүү болду?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Мындан эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал өкүм кийин шаардык сотто да, Жогорку Сотто да күчүндө калтырылган эле. Кечээ, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Анда Жогорку Сот Текебаевге карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөттү.

SUPER.KG порталы "Текебаевдин иши боюнча Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Эки жыл ичинде сот системинде эмне өзгөрүү болду?" деген собол салды.

ШЫКМАМАТОВ: "Азыркы учурда Кыргыз мамлекетине сот реформасы аба менен суудай керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов белгилегендей, бардык жакшылыктардын булагы сот реформасы. "Азыркы учурда Кыргыз мамлекетине сот реформасы аба менен суудай керек. Анткени сот реформасы болсо соттор эл ишенимин актап, мыйзамга, адилеттүүлүккө баш ийип жана мыйзамды туу тутуп иштеп калганда мамлекетте мыйзамдын жогорку күчү орноп, бийликтин кадыры өсөт. Эл бийликке ишеним арта баштайт. Мыйзамдын жогорку күчү орногон коомдо темирдей тартип, адилеттүүлүк жана экономика өсүп элдин бакубат жашоосу камсыз болот. Мыйзамдын жогорку күчүнүн орношунун башатында биринчи кезекте сот реформасы турат. Сот реформасыз эч качан мыйзамдын жогорку күчү орнобойт. Ошондуктан суунун башы булак дегендей, бардык жакшылыктардын булагы сот реформасы", - дейт Шыкмаматов.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Жагдай өзгөрө турган болсо, анда соттун чечими дагы өзгөрөт"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев соттун алгачкы кароосунда кээ бир материалдар билинбей калышы мүмкүн деген пикирде.

"Соттун алгачкы кароосунда кээ бир материалдар билинбей калат. Кийин башка материалдар табылган болот. Шарт ар кандай да. Тиги туура, бул туура эмес деп соттун чечимине сын айтканга акыбыз жок. Кандай чечим чыгарса дагы соттун чечимине баарыбыз баш ийүүгө милдеттүүбүз. Эгерде нааразы тараптар болсо, жаңы жагдайларды көрсөтүп түшүндүрсө болот. Жагдай өзгөрө турган болсо, анда соттун чечими дагы өзгөрөт", - дейт.

СООРОНКУЛОВА: "Эки жыл ичинде сот системинде эч кандай өзгөрүү болгон жок"

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова Текебаевге карата мамиле өзгөрүшү мүмкүн деген пикирде.

"Эки жыл ичинде сот системинде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бардыгы ошол бойдон эле. Саясий иштер сөзсүз түрдө Ак Үйдүн уруксаты менен болот. Мүмкүн Текебаевге карата мамиле өзгөрдү", - дейт Сооронкулова.

ТУРДУКУЛОВ: "Саясий абал өзгөргөндөн кийин Текебаевге карата чечим буга чейин болбогондой болду"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Текебаевди камаган сотко чара көрүлүшү керек деген ойдо. "Бул соттун көз карандысыздыгынын белгиси деп айтып жатышат. Мен бул ойго кошулбайм. Саясий абал өзгөргөндөн кийин Текебаевге карата чечим буга чейин болбогондой болду. Текебаевди биринчи этапта толук бойдон актап коёт деген үмүт бар. Бирок ал дагы ишке ашпай калышы мүмкүн. Чынында Биринчи Май райондук сот Текебаевди толук бойдон акташы керек. Актагандан кийин Текебаевге карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевден баштап УКМКнын Башкы прокуратуранын кызматкерлери жоопко тартылышы шарт. Текебаевди туура эмес камаган сотко дагы чара көрүлүшү зарыл", - дейт Турдукулов.

АЙБЕК МЫРЗА: "Мыйзамсыз чечим чыгарган соттор жоопко тартылганда гана сот системинде жылыш болду деп айтабыз"

Жарандык активист Айбек Мырза сот системинде олуттуу деле өзгөрүүлөр байкалбаганын айтты. "Текебаевдин ишин кайра кароого жөнөтүү туура чечим. Бир эле Текебаевге чыгарган чечим менен сот системин адилеттүү кадам таштады деген туура эмес. Текебаевден тышкары көптөгөн саясий туткундардын иши кайра карала элек. Садыр Жапаров, Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов жана башка дагы көптөгөн саясий туткундардын иши кайра каралышы керек. Бул жерде саясий тандалма маселе болуп жатат. Бардык саясий туткундардын иши кайра каралып, мыйзамсыз чечим чыгарган соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр жоопко тартылганда гана сот системинде жылыш болду деп айтабыз", - дейт Айбек Мырза.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Жогорку Соттун Текебаевге карата чыгарган чечими сот реформасына жол ачылды деген үмүттү туудурат"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Соттун чечими жакшы кадам болгонун айтты. "Текебаевге карата чыккан чечим сот реформасына жол ачылды деген үмүттү туудурат. Буга чейинки ага токулган өкүмдөр жокко чыгарылып, Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жиберилди. Текебаев акталат деген үмүтүм бар. Бул жакшы кадам. Бардык адамдарга дайыма калыс мамиле жасалсын деген тилегим бар", - дейт Токтонасыров.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан