Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов сентябрда өтө турган UFC 242 мелдешинде карьерасындагы эң көп гонорарын алат. Бул тууралуу анын менеджери Ризван Магомедов чет элдик басылмаларга билдирген.
UFC 242 мелдешинде 7-сентябрда учурдагы чемпион Хабиб Нурмагомедов Дастин Порье менен кез келет. "Анын кирешеси Конор Макгрегор менен болгон беттештен да көбүрөөк болот", - деп билдирген мушкердин менеджери.
Хабиб Макгрегор менен болгон беттеште 2 миллион доллар гонорар жана буга кошумча төлөмдөрдөн 2 миллион 400 миң киреше тапкан.