Чалдыбар айылында пенсионерлерди тоноп жүргөн 2 бала кармалды
Панфилов районунун Чалдыбар айылында пенсионерлерди тоноп жүргөн 2 бала кармалганын Чүй
ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Панфилов райондук
милиция бөлүмүнө 1938-жылы
туулган С.Э. 31-июлда саат 02:30 чамасында 2 бала үйүнө кирип, пенсионерди
коркутуу жолу менен алтын сөйкөсүн чечип кеткендиги тууралуу арызы менен, ал эми 1931-жылы туулган К.А. 25-июлда белгисиз 2 жаран уюлдук телефонун
жана алтын сөйкөсүн тартып алышкандыгы тууралуу арызы менен кайрылышкан. Карыган
адамдар алардын келбетин эстеп калбагандыктан, милиция кызматкерлерине
кылмышкерлерди табуу кыйын болгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында
кылмышкерлер күрөөканага алтын өткөрүп жаткандагы кезинде видеого тартылып
калган тасма аркылуу табылган. Жогорудагы кылмыш иштерине шектелип, Чалдыбар
айылынын 22 жаштагы тургундары М.Т. жана Ш.К. кармалышкан. Учурда аталган
жарандарга карата “тоноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр
убактылуу кармоочу жайга камалышты. Ошондой эле алардын башка кылмыш иштерине
катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.