Бишкекте 9 жаштагы баланы жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 23-августта саат 13:10 чамасында болгон.
"Фольксваген Транспортер үлгүсүндөгү унааны 29 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Ал Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине келгенде жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 9 жашар баланы сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда бардык чогулган материалдар Бишкек ШИИББине жөнөтүлдү. Унаа айып короосуна токтотулду", - деп билдирет басма сөз кызматынан.