Бишкектеги "Азия Молл" соода борбору тараптан 29 жаштагы айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Жол кырсыгы 25-августта саат 21:15 чамасында болгон.
Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиргендей, Дайхатсу Сирион үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу С.У. Ч.Айтматов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып жөө адамды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.