Кыргыз мушкери Канат Келдибеков 4-октябрда Грозный шаарында өтө турган эрежесиз эр уруш боюнча ACA (Absolute Championship Akhmat) турнирине катышат. Бул тууралуу аталган уюмдун интернет баракчасы расмий билдирүү жарыялады.
“Тайсон” каймана аты менен таанылган кыргыз мушкери 61 килограмм салмак категориясындагы орусиялык Дукваха Астамиров менен беттешет.
Канат Келдибеков расмий түрдө 12 беттешти утуп, төрт ирет жеңилүүгө дуушар болгон.
Ал эми атаандашы Дукваха Астамиров аралаш мушташ боюнча төрт беттешти утуп, эки жолу жеңилген.