Бишкек шаарындагы эмгек биржасына 2013-жылдын 7 ай аралыгында 1359 жумушсуз жаран кайрылган. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кабарлады. Жумуш издеп кайрылган адамдардын ичинен 978и ар кандай кыска мөөнөттүк жумуш орундарына орноштурулган. Коомдук иштерге 207 адам тартылган.