Нарын районунун Ак-Кудук айылында кара куурай өстүрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди. Маалыматка ылайык, аталган айылда 37 сотых жерге кара куурай айдаган, мурун соттолгон 1973-жылы туулган С.Ж. кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкер Нарын шаарындагы №24-СИЗОго камалган. Ал эми өстүрүлүп жаткан 1,5 тоннадан ашык баңгизаты жок кылынган.