Көк бөрү боюнча президенттин биринчи лигасында “Ак-Суу” жана “Атуул” командалары оюн курду. “Ак-Суу” командасы 10:1 эсебиндеги чоң айырмачылык менен “Атуул” командасын утуп, алдыга озуп чыкты. Эртең, 28-августта бул команда “Кыраан” командасы менен күч сынашат.
Бул жолку Президенттин Кубогуна 15 команда катталган. Салттуу түрдө Жогорку Лигага 6 команда кирип, алар эки тайпага бөлүнүп, айлампа түрүндө оюн өтүүдө.
Кубок Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында 31-августка чейин уланат. Жалпы ат оюндарын өткөрүүгө 3 миллион 697 миң сом акча бөлүнгөн.