"Назми Байзакова менен дуэт аткарып калганыма ырчынын жолдошу себеп болду" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Курал Чокоев

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордун Назми Байзакова менен Курал Чокоевдин "Бул ким?" чыгармасы толуктады.

Курал Чокоев чыгарманы Назми Байзаковага дуэт аткарып чыгууну сунуштаганын айтат. "Бул ырдын автору Алмаз Батырбеков. Назми эжеге чыгарманы дуэт аткаралы десем макул болгон эмес. Кийин анын жолдошу угуп көрүп жакшы чыгарма экенин айтты. Ошентип чогуу ырдап калганыбызга Назми Байзакованын жолдошу себеп болду. Клипти дагы триллер кылып тарттырдык", - деди ал.

21-АВГУСТТАН 28-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Асел Кадырбекованын "Телефон" чыгармасы камсыздады.

8-орунду - Нурмат Садыровдун "Келчи" видеоклиби ээледи.

7-орунга - Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" аталышындагы клиби жайгашты.

6-орун - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" видеоклибине буюрду.

5-орунду - Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" чыгармасы багындырды.

4-орун - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы композициясына буюрду.

3-орун - Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы камсыздады.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган 60`К тобу менен Айя Садырованын "Сүйүү балы" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан