Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу: "Достук" командасы "Көл-Төрдү" 17:6 эсебинде утту

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин Кубогу өтүүдө.

28-август күнү биринчи лигада “Алкан-Ата”, “Ат-Башы” жана “Бакубат-Талас”, “Соң-Көл” командалары ойносо, Жогорку Лигада “Сары-Өзөн”, “Рассвет”, ”Достук” жана Көл-Төр” командалары оюн көрсөтүштү. Жогорку Лигада ойноп жаткан "Достук" жана "Көл-Төр" командалары мелдешип, 17:6 эсебинде жеңиш ооматы "Достукка" ооду.

Бүгүн, 28-августта биринчи лигада 15:00дө "Жаш-Күч" менен "Суусамыр" командасы, ал эми 16:30да "Кыраан" жана "Ак-Суу" командаларынын кырчылдаган кыл чайнашы болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
katerina.li
2019-08-28 20:01:27
Начар
-2
Eden-Hazard
2019-08-28 23:31:29
1-лига Бакубат Жогорку лига *Ынтымак* чемпион!!!
-2
Azkoni
2019-08-29 08:05:01
Достук алат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан