Сокулукта чогуу иштеп жаткан адамдардын ортосунда чыр чыгып, бир адам каза болду

Чүй облусунун Сокулук районунда жалданып иштеген жарандар мушташа кетип, бир жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-августта Сокулук районунун Калтар айылында болгон. Анда милицияга аталган айылдан эркек адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Териштирүү иштеринде каза болгон жаран Жалал-Абад облусунда төрөлгөн 49 жаштагы У.И. аттуу жаран болгон. Ал эми анын өлүмүнө шектүү 52 жаштагы Москва районунун тургуну Э.А. болгон. Маркум менен шектүү Бишкекте жалданып иштеген адамдар болгон. Алар ошол күнү башка адамдар менен Калтар айылына иштегени келишкен. Окуя болор замат иштегенге келген адамдардын экөө дүкөнгө арак ичкенге кетишет. Алар келген соң ортодо мушташ чыгып, бир жаран денесинен жаракат алса, бири каза болгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан