О! Мобилдик оператору Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жүрүп жаткан байланыш сапатын жакшыртуу жана Кыргыз өлкөсүнүн алыс жайгашкан райондорундагы 4G LTE-түйүнүнүн камтуусун кеңейтүү боюнча долбоорун улантууда.О! операторунун техникалык адистеринин чоң командасынын аракеттеринин жардамы менен бүт өлкөнүн калкынын 95%ын түзгөн 6 миллиондон ашуун кыргызстандыктар бүгүнкү күндө мындай жогорку ылдамдыктагы заманбап технологиянын камтуусуна киргизилди.
О! Мобилдик операторунун түйүнүндө жыл өткөн сайын эки эсе көбөйүп жаткан 4G LTE стандартындагы мобилдик трафиктин өсүүсү катталган. Бул тенденцияны эске алуу менен жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернеттин камтуусунун кеңейишин камсыз кыла турган, ошондой эле төмөндөгү шаар менен калктуу пункттарда сигналдын сапатын күчөтө турган жаңы базалык станциялар курула баштады.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! – Кыргыз өлкөсүндөгү 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидер. Кыргыз мамлекетинин калкынын 95%ы О! операторунун 4G түйүнүнүн камтуусуна кирет.
О! түйүнүнүн камтуу картасы www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүндө жеткиликтүү.