Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салыктарды төлөбөгөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мыйзамга ылайык, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын, жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат. Ушул жылдын 2-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл", - деп жазылат маалыматта.
Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.