31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек мэриясы шаар тургундары жана меймандары үчүн майрамдык иш-чара өткөрөт. Майрамдык иш-чаранын программасы менен таанышып алыңыз.
"Ала-Тоо" аянтында:
Саат 10:00дөн 12:00гө чейин өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусундагы салтанаттын ачылышы, расмий куттуктоо, театралдаштырылган концерт;
Саат 20:00дөн 22:00гө чейин кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерт. Концерттин аягында фейерверктер атылат.
Бул күнү "Ала-Тоо" аянтында "Тез жардам" кызматынан эки бригада, бир өрт өчүрүүчү унаа кызмат кылат. Коомдук тартипти Бишкек ШИИББинин 1800 кызматкери көзөмөлгө алат. Мындан тышкары, 30 био даараткана орнотулат. №7, №38, №48 каттамындагы автобустар жана бардык троллейбустар 31-августтан 1-сентябрга караган түнү саат 01:00гө чейин иштейт. Ал эми кичи автобустар күндөгүдөй эле тартипте жүргүнчүлөрдү ташыйт.
29-августта "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу документалдуу фото көргөзмө менен таанышып чыкса болот. 31-августта Ботаникалык бакта жеңил атлетчилер үчүн чуркоо орун алат.
Октябрь районунда: 30-августта спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. 31-августта саат 18:00дө Дайыр Асанов атындагы паркта "Шайыр-Балалык" балдар борборунун тарбиялануучуларынын концерти орун алат. Ошондой эле жарманке, мастер-класстар өтөт.
Ленин районунда: 29-августта саат 10:00дө Арча-Бешик, Киргизия, Ак-Өргө конуштарында майрамдык сейилдөө орун алат. №63 үйдүн короосунда балдардын спорт аянтчасынын ачылышы болот. 30-августта Ю.Фучик паркында спорттук мелдештер өткөрүлөт.
Биринчи Май районунда: 30-августта Тынчтык, Аска-Таш, Ак-Босого конуштарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Ошол эле күнү Щербаков аймагында эртең менен "Ыр-Кесе" фольклордук сынагы башталат. "Жаштар" паркында саат 10:00дө улуттук оюндар (чүкө, селкинчек, аркан тартыш, таап тартыш, чака чапмай) ойнолот.
Свердлов районунда: 31-августта саат 10:00дө Жеңиш паркында "Сүйүктүү Кыргызстаным" аталышындагы флешмоб, "Досума белек" аттуу мастер-класс жана фестиваль болот. Мындан тышкары "Арт-аллея" көргөзмөсү орун алат. Саат 10:30да "Эмгек резерви" стадионунда волейбол боюнча финалдык оюн өткөрүлөт.
Аламүдүн кичи районунда, Учкунда, Куйбышев 93, Ибраимов 103 жана №45, №89 орто мектептеринде аркан тартыш, бука тартыш оюндары өткөрүлөт.