Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы Ош шаарынын вице-мэрин мас абалында унаа айдаган деп айыптоодо. Мэриянын жообу

Ош шаарында мас абалда унаа башкарып бара жаткан делген вице-мэр Жасур Азимовдун машинасы айып короосуна токтотулду. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 24-август күнү болгон. Анда вице-мэрдин унаасы борбордук аянтка тыюу салынган жол менен киргени үчүн токтотулган.

"Ошондой эле бул окуя видеого тартылып интернетке тараган. Видеодон вице-мэрдин спирт ичимдигин ичкенин, Ташкент шаарынан келген коноктору менен жүргөнүн айтып жатканын көрүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

"Бул окуя дем алыш күнү болгон. Ошондой эле вице-мэр мас абалында экенин айтып, кызматкерлерге эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Ал мыйзамга баш ийип, наркологияга да барган. Унаасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Анын унаасын ошол убакта башка адам башкарып бара жаткан, бирок машина өзүнө таандык. Дагы кошумчалай кетчү жагдай, бул окуяны видеого тартып, интернетке тараткан кызматкерлерге дагы ИИМ ички иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кийин дагы маалыматтар берилет", - деди басма сөз кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
osor
2019-08-30 13:51:54
Карга карганы чокубайт дегени туурада
0
osor
2019-08-30 13:53:46
Озбек улутундагы адамды 1-жолу коруп жатам жогорку кызматта отурганын значет ал озбектерге жардам берип келсе керек дайыма
+7
Assalomuallekum
2019-08-30 13:59:56
Неге озбектерди ишке алат акчасы болсо болду окшойт
+7
altyn-kumush
2019-08-30 14:00:03
ар бир кызматкер мыйзам алдында бирдей. жооп бериш керек.
+3
Absamat-90
2019-08-30 14:03:16
Туура кылды, мыйзам баарына бирдей.Эми чиновниктер да баскан кадамын ойлооп баса турган болушту.
+3
maksel2009
2019-08-30 14:24:04
Милиция кызматкери туура кылган мыйзам баарына бирдей.ал учун милиция кызматкерине иш козгоштун зарылчылыгы жок деп ойлойм
+3
Omush94
2019-08-30 14:47:30
Озубоктон экен да
+2
Mamiev
2019-08-30 15:48:46
Ушул кишини иштен алыш керек. Бөрү баласы ит болбойт бул өзү озбектерге эле жардам берсе керек
+7
Samatalibei
2019-08-30 17:54:25
Мерияда иштеп шаардагы тартипти сактабаса мериядан кетсинда! Эс алсын Туугандар менен кенеен аш басып.
+5
senchi
2019-08-30 18:31:25
Кечирим сурап иштен кетсин,мас болуп каалаган жерге айдам деп бул законду тоготпогондук. Кыргыздардан жокпу ошол орунган.
+6
kushu_bek
2019-08-30 18:44:42
Улуу тарыхы бар
Манас атабыздын урпактарын бугунку кундо
Кечеги чоп чабыктагы Амир Тимурдун урпагы туштук жергесин каалагандай башкарып калыптырда.эмне кыргыз калбай калыптырбы?башкарганга?уялбай кантип койдунар деймда?борунун баласы ит болбойтда!Кыргыз учун куйот деп ойлойсунарбы ушул Озбекти?
+7
elchi84
2019-08-30 20:30:19
Иштен алыш керек ээлеген ордуна татыктуу эмес Африкадан мейман келсе дагы мас болуп машина айдайбы мактанып Кыргызстанда ушундай жүрсөң боло берет дегендир анда ал.
+4
akmanai
2019-08-31 02:14:57
Кетирген катасына жараша жоопко тартылышы керек. Улуту озбекби, кыргызбы ал Кыргызстандын атуулу болсо башка атуулдардай эле эркин жашоого, кызмат ордун ээлоого укуктуу. Ошол эле учурда жоопкерчилике тартылып, айып толоого да милдеттуу. Чет мамлекетте да мамлекеттик жумуштарда иштеп жургон кыргыздар бар экенин эсибизден чыгарбайлы.
+2
zamir_kgz
2019-08-31 07:05:16
Улут аралык ынтымакты сактайлы, мен Кыргызстан патриотмун деген озубек экен деп койдум - оюмда.
-1
zamir_kgz
2019-08-31 07:22:43
Жалалабатта да бир мас киши кызыл тикодо 2 аптадан бери журот. Эми дагы корсом точна ГАИ чакырам. Бироону сузуп кетсе эмне болот, акмак десе!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан