Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу: "Алкан-Ата" командасы оюндун акыркы мүнөттөрүндө жеңишти илип 1-Лигада 3-орунга ээ болду

Бүгүн, 30-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогуна арналган мелдеште 1-Лиганын алкагында "Алкан-Ата" командасы 3-орунду камсыздады.

Аталган мелдештин 3-орунга болгон беттешинде "Алкан-Ата" командасы Баткендин "Жаш күч" командасына туш келген. Беттештин жыйынтыгында "Алкан-Ата" командасы 5:4 эсеби менен жеңишке жетти.

Маалымдай кетсек, көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогунун Жогорку Лиганын финалында адатка айланып калгандай эле, кыргыздын Эль-Класикосуна айланган "Ынтымак" менен "Достук" командалары кез келет.

Турнирдин финалдык оюндарын эртең, 31-августта саат 10:00дө SUPER.KG порталынан жана биздин YouTube каналдан көрө аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2019-08-30 17:13:53
Талас сила. Буйруса Бакубат Талас 1-лиганын чемпиону болсо, ЫНТЫМАК Жогоку лиганын чемпиону болсо, Жалпы 6 местанын 3оо Таласка кетет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан