Бүгүн, 30-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогуна арналган мелдеште Жогорку Лиганын алкагында "Сары-Өзөн" командасы 3-орунду камсыздады.
Аталган мелдештин 3-орунга болгон беттешинде Таластын "Кара-Буура" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасына туш келген. Беттештин жыйынтыгында "Сары-Өзөн" командасы 8:1 эсеби менен жеңишке жетти.
Маалымдай кетсек, көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин Кубогунун Жогорку Лиганын финалында адатагыдай эле, кыргыздын Эль-Класикосуна айланган "Ынтымак" менен "Достук" командалары кез келсе, 1-Лиганын финалында "Ак-Суу" менен "Бакубат Талас" командалары күч сынашат.
Турнирдин финалдык оюндарын эртең, 31-августта саат 9:00дө SUPER.KG порталынан жана биздин YouTube каналдан түз эфирден көрө аласыздар.