О! Мобилдик операторунун 4G LTE-түйүнү бүт өлкөгө жайылуусун улантууда. Бул окуя өзгөчө Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата абдан актуалдуу.
Август айында компаниянын адистери тарабынан жалпы 150дөн ашуун 4G LTE базалык станциялары техникалык жактан модернизацияланды, натыйжада, борбор шаарда гана эмес, алыс жайгашкан райондордо да байланыш сапатын кыйла жакшыртууга мүмкүн болду.
Жакында аткарылган техникалык иштер төмөнкү калктуу конуштарды камтыды:
О! Мобилдик оператору – кыргызстандыктарга 4G LTE маалыматтарын жогорку ылдамдыктагы өткөрүү технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн биринчи болуп берген өлкөнүн эң ири байланыш оператору болуп саналат. Бүгүн О! – Кыргызстандагы 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидери. О! операторунун жогорку ылдамдыктагы кеңири тилкелүү интернетинен өлкөнүн калкынын 95%ынан ашуун бөлүгү пайдаланат.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! түйүнүнүн камтуу картасы www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүндө жеткиликтүү.