Украинанын Жогорку Радасы өлкөнүн премьер-министрлик кызматына 35 жаштагы Алексей Гончаруктун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал өлкө тарыхындагы эң жаш өкмөт башчы болуп калды.
Гончарукту президент Володимир Зеленскийдин “Слуга народа” фракциясы көрсөткөн. Аталган фракция парламентте көпчүлүктү түзгөндүктөн мыйзамга ылайык башкаруучулук кызматты аткарат.
Буга чейин 29-августта мурунку премьер-министр Владимир Гройсман кызматынан кеткен.