Орусиянын Курган облусунда жашы жете элек өспүрүмгө күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаган деген шек менен 32 жаштагы Кыргыз жараны кармалды. Мындай маалыматты орусиялык басылмалар жергиликтүү тергөө башкармалыгына таянуу менен жазууда.
Маалыматта айтылгандай, кылмыш иши ушул жылдын 19-августунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде болгон. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин "14 жашка жашы жете элек адамга карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Зордуктаган адамдын курмандыгы 13 жаштагы өспүрүм болгон. Тергөөчүлөр тарабынан болуп өткөн окуянын жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү болгон бардык иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.