"Ала-Арча" эс алуу жайындагы өрт өчө элек (видео)

Бүгүн, 31-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" эс алуу жайынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, ал жактагы тоонун боорундагы кургак чөп өрттөнгөн.

Өрт өчүрүү кызматына тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 14:55 чамасында келип түшкөн. Саат 18:30га карата өрт өчө элек.

"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 3 бөлүм, 15 куткаруучу, Токой чарба агенттигинен 10 адам, айыл аймактан 30 адам тартылды", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

"Ала-Арча" эс алуу жайында өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан