Ош шаарынын Туран кичи районундагы Ак-Буура-Араван каналына 8 жаштагы бала түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 31-август күнү болгон. Анда ӨКМга 8 жаштагы К.А. аттуу бала каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 1-сентябрь күнү издөө ишин улантуу үчүн 10 куткаруучу тартылып, саат 7:20да маркумдун жансыз денеси табылган. Кызматкерлер маркумду ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.