Чүй облусунун Жайыл районунда кызганычтан чыккан чырдан эки эркек киши бычакталды. Ал эми шектүү катары 43 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 26-августта болгон. Жайыл РИИБине аймактык ооруканадан бычакталып жаракат алган адам тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу аталган ооруканага барып, жабырлануучу 25 жаштагы С.В. аттуу жаран экенин аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринде шектүү катары 43 жаштагы В.Е. аттуу аял кармалган.
"Тергөө иштеринде жабырлануучу С.В. 18 жаштагы Ш.В. аттуу жаран менен Жайыл районундагы кашарда чогуу жашап жүргөн. Ал эми ошол эле кашарда дагы бир үй-бүлө, тактап айтканда, шектүү аял күйөөсү менен жашап келген. Окуя болгон күнү алар чогуу спирт ичимдигин ичип, кызганычтан улам жаңжал чыккан. Мындан улам шектелип жаткан аял өзүнүн күйөөсүнө жана жабырлануучу С.В.га бычак сайган. Учурда кармалган аял 2 айга камакка алынып, тергөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.