Рэпер Баястан: "Кызымдын жентек тоюна жакын туугандарыбызды эле чакырдык"

Рэп ырчысы Баястан менен бийчи Зульфия Лансарова кызынын жентек тоюн өткөрдү. Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн жентек тойго жакын туугандарын эле чакырганын айткан ырчы буларга токтолду.

"1-сентябрда кызыбыз Наринэнин жентек тоюн өткөрдүк. Мындан тышкары агам Мирлан Саткымбаевдин эки баласынын сүннөт тою болду. Эки тойду бир өткөргөндүктөн куда-кудагыйларды, жакын туугандарыбызды эле чакырдык", - дейт ал.

Рэп аткаруучу 2018-жылы 11-августта бийчи Зульфия Лансаровага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 27-августта Балыкчы шаарында өткөн.
Ал эми ушул жылдын 3-июнунда кыздуу болуп, ага Наринэ деп ысым ыйгарганы жалпыбызга маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nevestkaa
2019-09-02 15:54:13
Калпак кийип алганы эмнеси?
+2
aszyma
2019-09-02 18:22:26
Nevestkaa,баласынын калпагын кийип алганда. Кичине бала түшпөйм,андай мындай деп оодарылганда калпагы түшүп кеткен жерге. Анан апасы алакоюп кийип алган. Ошо кезде сүрөткө түшкөн.
+3
Aidar.001
2019-09-02 18:10:37
Туугандарындан башка кимди чакырмак эленер анан? Же Мени чакырсан келет деп ойлойсунбу? :)
-3
aszyma
2019-09-02 18:23:08
Фотосьемка болсо экен. Биржака кетип жатып эле түшөкойгон
+1
saltanat.
2019-09-03 14:38:19
Да пофик вообще.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан