Волейбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудиновго "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер" деген наам ыйгарылды.
Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы быйылкы жылы Непалда өткөн аймактык Азия чемпиондугунда чемпион аталышкан. Анда кыргыз волейболчулары бир дагы партияда жеңилишкен эмес.
Андрей Анкудинов 2015-жылы "Эмгек сиңирген машыктыруучу" наамына татыган.