Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылынын тургуну өз кызын зордуктап жүргөн. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы тастыктады.
“Ушул жылдын август айында Сокулук районунун опер кызматкери “жергиликтүү тургун өзүнүн кызын күч колдонуп зордуктап, ал төрөгөн” деген маалымат менен кайрылган. Бул окуя боюнча тергөө иштеринин негизинде кыздын 2005-жылы туулганы, ал эми атасынын 1966-жылы туулгандыгы анык болду. Азыркы учурда атасы кармалып, убактылуу жайга киргизилди. Ал эми төрөлгөн бала башка адамдарга берилип кеткен, алардын дагы аты-жөнү такталууда”, - деп билдирди Чүй облусунун басма сөз кызматынан.
Кыз ушул жылдын 4-июль күнү төрөгөн.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.