Каракол шаарында кыздар арасында футбол боюнча Лига Кубогу жыйынтыкталды. Финалдык беттеште "Ысык-Көл-Каракол" командасы "Азалия" менен кез келген.
Оюндун жүрүшүндө 1-таймда эсеп ачылган эмес. 2-таймда "Азалия" жоопсуз 3 гол киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында бишкектик клуб Лига Кубогунун ээси болду.
"Ысык-Көл-Каракол" – "Азалия" – 0:3
Голдор: Боронбекова 64-мүнөттө, Токтоболотова 75-мүнөттө, Калысбек кызы 90+мүнөттө
Мелдештин мыктылары:
“Мыкты дарбазачы” – Дилнура Абибулла кызы (“Азалия”);
“Мыкты коргоочу” – Ирина Дорофеева (“Азалия”);
“Мыкты жарым коргоочу” – Үмүт Иязова (“Ысык-Көл-Каракол”);
“Мыкты жарым коргоочу” – Айпери Саскеева (“Ысык-Көл-Каракол”);
Мыкты бомбардир – Айжан Боронбекова (“Азалия”);
“Мыкты оюнчу” – Бактыгүл Токтоболотова (“Азалия”).